Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/05 18:48
 

Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата «Зарница» мелдеши өттү

Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата «Зарница» мелдеши өттү

 Жалал-Абад, 6-май /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад шаарынын курорт аймагында жайгашкан “Курманбек” фальклордук талаасында Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдык мааракесине” карата облустун район-шаарларынан келишкен орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынан түзүлгөн Зарница болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын коомдук-коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Шатманалиев билдирди.

Берген маалыматына караганда Өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева өздүк фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берди.

Анын берген маалыматына караганда, бул иш-чара “Мекеним менин – Кыргызстан” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. “Зарницанын” негизги максаты - жаш өспүрүмдөрдү жана жаштарды патриоттуулукка, достукка, ынтымаккка чакыруу, кылмыштуулуктун алдын алуу, аны болтурбоо, баштапкы аскердик, маданий-спорттук профилактикалык иш-чара болуп саналат.

Мелдештин ачылышына КР Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков катышты. Мелдешке катышкан 11 команда спорттун 14 түрү боюнча күч сынашты. Мелдештин жүрүшүндө командалардагы балдар менен кыздардан куралган мүчөлөрү спорттун аскердик түрлөрүнө кирген граната ыргытуу, мина жана түтүн талаасынан өтүү, окоп казуу, кечмеликтен өтүү, тор алдынан сойлоп өтүү, автоматтан таамай ок атуу, алыскы аралыкка чуркоо менен туу саюу, автоматты чачып кайра жыйноону тапшырышты.

“Жыйынтыгында, алдыңкы 1-орунга 136 упай топтогон Майлуу-Суу шаарынын командасы чыкса, 2-орунду Таш-Көмүр шаарынын командасы ээлеп, 3-орунга Жалал-Абад шаарынын командасы жетишти. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкандарга бардык командаларга баалуу сыйлыктар жана дипломдор менен грамоталар тапшырылды.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева өздүк фондунан бул мелдешке 100 миң сом бөлүп берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу