Улуу жеңиш

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
06/05 17:12
 

Баткенде милициянын ардагерлери Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына байланыштуу автожүрүш өткөрдү

Баткенде милициянын ардагерлери Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына байланыштуу автожүрүш өткөрдү

 Баткен, 6-май /Кабар/. 4-5-май күндөрү Баткен областынын аймагында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ардагерлеринен турган автожүрүш болду. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Автожүрүшкө ИИМнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев жана анын орун басары, Чүй, Жалал-Абад, Ош областтарынын ардагерлер кеңешинин төрагалары келишти.

Бул автожүрүштүн максаты Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып, ошондой эле област аймагында кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин арбагына куран окутуу болду.

Алгач Кызыл-Кыя шааарына келген ИИМдин ардагерлерин Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абыш Халмурзаев өзү тосуп алып, бүгүнкү күндөгү шаар аймагында кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине эл ыраазы экенин, ошондуктан жергиликтүү бийлик тарабынан Кызыл-кыя ШИИБнин имараттарын оңдоп түзөөгө жакындан жардам берип жаткандыгын баса белгилеп айттып кетти.

Жыйындын соңунда шаардын мэрине, ардагерлерге кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакын туугандарына медаль, Ардак грамота, ИИМден ала келген китептерин тапшырышты.

Ошол эле күнү Лейлек районуна сапар алышты. Лейлек, Сүлүктү район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жыйындарды өткөрүштү.

Исфана шаарындагы Исхак Разаковдун музейине барышып, Исхак Раззаковдун баскан өмүр жолу менен кенен таанышышты. Андан кийин Лейлек районундагы тажик республикасы менен чектеш жайланышкан Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнө кирип, ал жердеги абал менен таанышышты.

Андан соң, Тажик республикасынын Согди ОИИБнын начальнигинин орун басары Додобаев Хатам Пулатович баш болуп тажик ардагерлери менен чек арадан биздин ардагерлерди тосуп алышып, Ходжент шаарындагы тарых музейине, Арбоб музейлерине алып барышты. Кыргызстандан келген конокторго тажик республикасынын арадагерлери өтө ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары ушундай жолугушууларды квартал сайын өткөрүп, бири бирине конокко барып турууну сунуш кылышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу