06.05.2015, 15:46

Улуу Жеңиштин урматына электриктер спорт оюнун өткөрүштү

 Бишкек, 6-май /Кабар/. 5-майда Бишкек шаарындагы “Дордой” спорт комплексинде Жеңиш күнүнө арналган кичи-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Ага “Түндүкэлектр” ААКнын 13 командасы катышты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы катышты. Оюндун чемпиону жана кубоктун ээси деп курулуш-куроо кызматынын курама командасы табылды. Экинчи орунду Москва жана Сокулук райондук электр тармактарынын курама командасы алды. Үчүнчү орунга Токмок райондук электр тармагы татыды.

Жеңүүчү – командалар “Түндүкэлектр” ААК администрациясынан жана электропрофсоюздан акчалай сыйлыгы менен сыйланышты.
Мындан тышкары жеңүүчү командаларга салттуу футбол тобу тапшырылды.

“Жеңишке умтулуу” номинациясынын жеңүүчүлөрү - Ысык-Ата, Кант райондук электр тармактары, Жайыл жана Панфилов РЭТ курама командасы, Чыгыш РЭТ курама командасы жана Борбордук кабелдик чубалгыларды оңдоо кызматынын курама командасы - кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.