Улуу жеңиш

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
06/05 15:16
 

Президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерге «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшырды

Бишкек, 6-май /Кабар/. Бүгүн, 2015-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өтө турган Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуучу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуп, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы ардагерлерди келе жаткан майрамы - Жеңиш күнү менен куттуктап, бул майрам кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү болгон жана ар дайым болуп кала берээрин белгиледи. “Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана сиздердин эрдигиңиздерди унутпайбыз. Сиздердин атыңыздар ушул согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калат,” - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды ардагерлер Мухтар Нургазиев, Сатымкул Садыков, Тенти Тамашаев, Асек Усубалиев, Садила Сейдакматов, Анатай Кутманбетов, Алексей Варавин, Садыбакас Ералиев, Мама Бакиров, Топонбай Чотбаев, Шаабай Шатманов, Арзыкул Мамарасулов жана Курманбек Акунов алышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу