Улуу жеңиш

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/05 10:37
 

Түп районунда согуштун 11 ардагери бар

 Каракол, 6-май /Кубан Мамбетов-Кабар/. Түп районунун акими Ишен Кожалиевдин айтымында согуш ардагери Омор карыя өзүнүн 95 курагын жашап жатат. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград блокадасында калып, аскердик бөлүгү менен катар анын акыркы күнүнө чейин душмандардан коргонууга туура келген. Ленинград шаары толук эркиндикке чыккандан кийин ал Польшаны бошотууга катышкан. Согуштан кайтып келген соң Түп райондук статистика бөлүмүндө бухгалтерлик кылып, ардактуу эс алууга чейин иштеген.

Бул жолу райондук администрация кызматкерлери согуш ардагерлеринин ар биринин үйүнө чейин барышып, алардын ал-ахыбалдарын билишип, акимдин резервдик фондусунун эсебинен тиешелүү жардамдарын көрсөтүшүүдө. Белек-бечкектеринен сырткары ар бир согуш ардагерине акчалай дагы жардамдарын көрсөтүштү.

Райондун аймагындагы 11 согуш ардагеринин экөө Бишкекте өткөн парадга катышса, бир ардагер Москвада өтүүчү парадга катышып келет. Ал эми калгандары болсо Каракол шаарында 9-май күнү өтүүчү парадга катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу