04.05.2015, 15:08

А.Атамбаев «Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадына» катышты

А.Атамбаев  «Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадына» катышты

 Бишкек, 4-май /Кабар/. Бүгүн, 2015-жылдын 4-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын масштабдуу театрлаштырылган «Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадына» катышты.

Жеңиштин жаш мураскерлеринин майрам алдындагы Парадына 6 миңден ашуун окуучулар катышышты. Бишкек мектептеринин окуучулары, балдардын чыгармачыл белгилүү коллективдеринин тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга кооз жана масштабдуу театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан.

Салтанаттын негизги максаты Жеңиш күнүнүн маанисин жаштар арасында кеңири жайылтууга басым жасоо. Эгерде акыркы жылдары 9-майды майрамдоо эреже катары согуш ардагерлерин урматтоо менен чектелсе, быйылтан тартып ошону менен катар балдар жана мектеп окуучулары менен активдүү иш жүргүзүү кошулуп жатат. Жалпы элдик эрдикти түбөлүк эскерүү максатында ишке ашырылып жаткан Улуу Жеңиш майрамынын жаңы идеологиялык концепциясынын негизи мына ушундай.

Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парады Жеңиш майрамы Кыргызстандын жаштары үчүн эч качан унутулбастыгын жана абдан маанилүү экендигин таасын көрсөтүүгө багытталган. Салтанат кайра жаралууну баштан кечирип жаткан Кыргызстандын балдары сыймыктана турган иштер абдан көп экендигин далилдемекчи.

Президент театрлаштырылган салтанаттын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөп, азыркы жаш муун ардагерлерибиз бизге тартуулаган улуу Жеңишти эскерип жаткандыгы зор мааниге ээ экендигин белгиледи.
Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:
“Урматтуу менин жаш мекендештерим! Балдарым!

Айлана-теребел тегиз жашылга бөлөнүп, көк асмандан нур төгүлүп, ага кошул-ташыл силердин жадырап-жайнаган жүзүңөр тынчтык менен бейпилдиктин күбөсү болуп турат. Мына ушул заманга жеткирген карыяларыбыз тоодой тирек болуп маңдайыбызда турганы кандай гана күч-кубат! Жүзүн бырыш, башын күмүш баскан ардагерлерибизге миң мертебе таазим этсек да аздык кылат. Ушул бейпил турмушубуз, аталарыбыздын, энелерибиздин эмгеги менен, алардын өмүрү, маңдай тери, керек болсо каны менен келген!

Ата Мекендик согуштун убагында алар силерден бир аз эле улуураак улан-кыздар эле. Мисалы, көкүрөгүн дзотко тосуп, эрдиги бүт элибизге даңаза болгон Чолпонбай Түлөбердиев болгону 20 жашта экен. Эл-жери үчүн, кийинки муундардын келечеги үчүн жаш өмүрүн берген баатырлардын элесин эстен чыгарбашыбыз керек.

Мен курактуулар согуш эмне экенин фронттон тирүү кайткан агаларыбыз менен аталарыбыздын өз оозунан угуп чоңойгон. Мекенди ардактоо, мээнеткечтик сезимди алардан сиңирдик. Тынчтык деген баарынан бийик дөөлөт экенин сезип өстүк. Ал эми силер тынчтык замандын балдарысыңар.

Улуу майрамды сыйлап чоң аталарыңарга, чоң энелериңерге арнап атайын салтанат уюштурганыңар абдан жакшы саамалык! Ал үчүн сиздерге миң мертебе рахмат! Аман болгула, бар болгула, жамандык көрбөгүлө! Кудай жолуңарды ачып берсин!
Бүгүнкү Парад бийиктикке бет алган Кыргызстандын келечеги ишенимдүү колдордо экенин көрсөттү. Артта келаткан муундар өткөн тарыхты билип, улуу муундун эрдиктерин эч качан эстен чыгарбасын ырастады.

Улуу муундагы адамдардын өлбөс-өчпөс эрдигине түбөлүк даңк! Катарыбыздагы согуш жана эмгек ардагерлерине тизе бүгүп, таазим этебиз! Биздин сыймыгыбыз да, кутубуз да сиздерсиздер, урматтуу ардагерлер!
Жашасын Улуу Жеңиш!

Жашасын эгемен, келечеги кең Кыргызстаным!

Ура!”