Улуу жеңиш

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
04/05 12:20
 

Коомдук кайрымдуулук фонду Бишкекте согуш ардагерлери үчүн атайын акция уюштурат

 Бишкек, 4-май /Кабар/. “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду 9-май Жеңиш күнүнө арнап, 6-май күнү Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинде 50 согуш ардагерлерине “Эч ким, эч нерсе эч качан унутулбайт” аттуу чоң иш чара-акциясын уюштурмакчы. Бул тууралуу коомдун басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда мектеп окуучуларынан согуш туурасындагы сүрөт көргөзмөсү, түшкү тамак жана концерттик программа даярдалган. Ошондой эле ар бир ардагерге 3000 сом тапшырылат. Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары, эл артисттери жана ошондой эле “Дем” театрынын актерлору келип, майрамдык маанай тартууламакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу