Улуу жеңиш

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/05 12:10
 

Алмазбек Атамбаев: “Жеңиш күнү кыргызстандыктар үчүн дайыма ыйык майрам болуп эсептелет”

 Бишкек, 4-май /Ширин Төрөгелдиева-Кабар/. Жеңиш күнү кыргызстандыктар үчүн дайыма ыйык майрам болуп калат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Ала-Тоо аянтында Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадынын катышуучуларынын алдында айтты.
Чогулгандардын алдына чыгып, мамлекет башчысы бизге белек кылынган бүгүнкү кубанычтуу күн үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздер өзүңүздөрдүн парадыңыздарды Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнадыңыздар жана Жеңиш күнү кыргызстандыктар үчүн дайыма ыйык майрам болуп кала беришин ырастадыңыздар. Келечектеги муундар дагы ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин эстешет. Сиздердин өз мекениңиздерге болгон сүйүүңүздөр, элдин тарыхына болгон аяр мамилеңиздер, биздин мекенибиз – Кыргызстанга болгон ишенимиңиздер жана бүгүнкү ардагерлерибизге берген жылуулугуңуздар жана энергияңыздар үчүн сиздерге рахмат!”,-деди мамлекет башчысы.

Президент мындан 70 жыл мурун аталарыбыз, чоң аталарыбыз, чоң апаларыбыз башка боордош элдердин өкүлдөрү менен бирдикте Улуу Ата Мекендик согушта күрөшүшкөн, талыкпастан тылда иштешкен. “Аларга канчалык оор болсо дагы фашисттерди жеңип, адамзаттын жашоосун коркунучтан сактап калышкан. Өздөрүнүн жаш экенине карабай кан-жанын аябай күрөшүп, Экинчи дүйнөлүк согуштун өртүн өчүрүп, жер жүзүнө тынчтык орнотушкан”,-деди мамлекет башчысы.

“Бүгүн сиздерге, сиздердин кубанычтуу жүзүңүздөргө карап отуруп, мен сиздерден ошол эр азаматтарыбыздын күчтүүлүгүн, эрдигин, келечекке болгон ишенимин көрө алдым. Ошондуктан, мен эч кандай күч Кыргызстандын алга жылуусун токтото албай турганына ишенем. Сиздердей жаштарыбыз үчүн биздин өлкөнү жаркын келечек күтүп турат”,-деди Президент.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу