Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/04 15:26
 

КЭРдин элчиси Ци Даюй Кыргызстандын ардагерлерин УАМнын 70 жылдыгы менен куттуктады

КЭРдин элчиси Ци Даюй Кыргызстандын ардагерлерин УАМнын 70 жылдыгы менен куттуктады

 Бишкек, 30-апрель /Роман Гайнанов-Кабар/. Кытай эл республикасынын элчиси Ци Даюй Кыргызстандын ардагерлерин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

Бүгүн КЭРнын КРдагы Өзгөчө жана Ыйгарымдуу элчиси КРнын республикалык ардагерлер кеңешинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугуп, элчиликтин атынан аларга белектерди тапшырды.

“Кытай жана Кыргызстан – жакшы шериктештер жана өнөктөштөр. Биздин достук согуш жылдарынан кийин андан дагы бекемделди. Бир нече күндөн кийин Бишкектеги жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болот. Сентябрдын башында Пекинде дагы масштабдуу парад өтөт. Ал эми бүгүн биз сиздер менен элчиликтин атынан сиздерге сыйыбызды көрсөтүп, ыраазычылыгыбызды билдирүү үчүн чогулдук. Келиңиздер кыргыз-кытай достугун бекемдөө, дүйнө жүзүндө тынчтыкты колдоо, бардык адамзаттын жыргалчылыгын түзүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Тынчтыктын оту түбөлүккө өчпөсүн”,-деди Ци Даюй.

Ошондой эле, УАМнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Тарас Алиев КЭРнын КРдагы элчилигине ыраазычылык билдирди. “Биз тарыхта кыргыз менен кытай эли бирдикте бири-бирине жөлөк болуп, бирге согушушканын билебиз. Мен кытай элчилигине жана бүтүндөй кытай элине бизди унутпаганы жана бүгүн элчи бизди куттуктаганы келгени үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу