Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/04 14:55
 

А.Жээнбеков: "Ата-бабаларыбыз ынтымак менен достуктун аркасында жеңишке жетишкен"

 Бишкек, 30-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-апрелде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган «Согуштук альбом: жүздөр аркылуу кайрылуу» аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болду.

Көргөзмө Улуу Ата мекендик согушка катышкан Кыргыз ССРинин алгачкы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ишмердүүлүгүн изилдөөнүн негизинде даярдалган.

«Биздин ата-бабалар адам баласы пайда болгондон берки эң коркунучтуу апаатты – фашизмди токтотушкан. Биздин жерге жоо басып киргенде СССРдин бардык элдери өз жанын курмандыкка чалып отуруп аны адам баласынын жаркын келечеги үчүн токтотуп калышкан. Бул жеңиш биримдиктин, достуктун, бир туугандыктын, жан аябаган аракеттин жана талыкпас эмгектин натыйжасы болгон. Азыр да Кыргызстан гүлдөгөн өлкө болушу үчүн бизге ушул баалуулуктар керек. Адамзат тирүү турганда биз даңазалуу жоокерлерибиздин элесин эстеп жүрөбүз жана алар менен сыймыктанабыз. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!», - деди Жогорку Кеңештин Төрагасы А. Жээнбеков фотокөргөзмөнүн ачылыш аземинде.
Төрага 300 миңден ашуун кыргызстандык жарандар согушка кеткенин, алардын 100 миңден ашууну согуш майданында калганын эске салды. 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамын алып, 34ү Даңк Орденинин кавалери болушкан. «Кыргызстан Жеңиш үчүн чоң салым кошкон. Баатырлардын арасында Кыргыз ССРинин алгачкы чакырылышындагы Жогорку Кеңешинин депутаттары бар», деди Төрага А. Жээнбеков.
Ал согушка кетип дайынсыз жок болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу аракеттери кыргызстандыктардын кийинки муунун тарбиялоодо өтө маанилүү экенин баса белгиледи. «Баарыбыз аталарыбыздан, чоң аталарыбыздан Улуу Ата мекендик согуш тууралуу угуп жүргөнбүз. Биздин муун ал кезде кандай салгылашуулар болгонун билет. Алардын айтып берген баяндарынан, тарбиясынан улам биз Ата Журтубузду жакшы көрөбүз », - деди А.Жээнбеков.

Төрага фотокөргөзмөнүн демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага, фотокөргөзмөнү уюштуруш үчүн тарыхый материалдарды берген тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковго ыраазычылыгын билдирди.
«Биз укум-тукумубуз өз баатырларын билишин каалайбыз. Республиканын Жогорку Кеңешинин 51 депутаты майдандагы жоокерлер болушкан. Биз алардын даңктуу эрдиги менен сыймыктанышыбыз керек. Биздин эстутумубуз бир», - деп баса белгиледи Л.Сумароков көргөзмөнүн ачылышында.
«Кыргызстандын согуштук тарыхынын даңазалуу барактарын кайра жандандыруу бактыга жараша согуш азабын көрбөй жүрүп жетилген муунду жарандык жана мекенчилдик багытта тарбиялоодо өтө маанилүү милдет болуп саналат. Согушка катышкан Кыргыз ССРинин 1938-жылдагы биринчи чакырылышынын депутаттары КР Жогорку Кеңешинин депутаттары үчүн өрнөк боло алышат. Алардын эрдигин эсте сактоо - баарын элдин жаркын келечеги үчүн жумшаган салт дагы эле болсо уланып келаткандыгынын белгиси. Уюштурулуп жаткан фотокөргөзмө ошого таасын далил», - деди депутат И.Карамушкина.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу