Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/04 12:45
 

Сузак районунда жашап жаткан 21 Улуу Ата-Мекендик согуштун ветерандарынын баарысына 21 даана автомашина белекке берилет

Сузак районунда жашап жаткан 21 Улуу Ата-Мекендик согуштун ветерандарынын баарысына 21 даана автомашина белекке берилет

 Бишкек, 30-апрель / Дайырбек Мейманов – Кабар/. Сузак районунда жашап жаткан 21 Улуу Ата-Мекендик согуштун ветерандарынын баарысына 21 даана автомашина белекке берилет. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Н.Мирзахмедов маалымдады. Анын айтымында, Сузак районунун аймагындагы мектеп окуучулар арасында биздин муунга тынчтык, бейпилдик тартуулаган аталардын эрдигин даңазалоо жана эскерүү максатында “Жеңиш ыры” аттуу сынак өткөрүлдү. Ошондой эле ал Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 9-май күнү Сузак районунун борбордук аянтында согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү иштери жүргүзүлүп, парад боло тургандыгын билдирди.

Аким Нурболот Мирзахмедов Сузак райондук администрациясынын демилгеси менен Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата актоо сырдоо жана айланасын иретке келтирүү иштери жүргүзүлгөндүгүн да маалымдады.
Эскерте кетсек, Улуу Ата-Мекендин согуштун баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигин орнотуу боюнча Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын жашоочулары тарабынан демилге көтөрүлүп, 2014-жылы Улуу Жеңиш күнүнө карата ачылыш аземи болуп өткөн. Бирок, Советтер Союзунун баатырынын эстелиги ушул күнгө чейин кайсыл аймакка таандык экени белгисиз бойдон калууда. Тагыраак айтканда, Жалал-Абад шаарынын да, Сузак районунун да карамагына өткөрүп берүү жагы каралбай калган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу