Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/04 10:57
 

Бишкекке казакстандык согуш ардагерлердин делегациясы келди

 Бишкек, 30-апрель /Кабар/. 3 күндүк иш сапары менен Казакстан республикасынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер делегациясы келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында коноктордун Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков жана шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушуусу болду.

“Сиздерди биздин шаарда кабыл алуу биз үчүн сыймык. Биз шаарыбыздын сиздердин эсиңиздерге жакшы элестер менен калышы үчүн сиздерге эң жогорку шарттарды түзүүгө аракет кылдык.
Эгер кошумча каалоолоруңуздар болсо биз аларды аткарууга даярбыз. Бизге Жеңишти алып келген сиздерге рахмат”,-деди шаардын 1-вице-мэри Замирбек Малабеков.

Марат Аманкулов Казакстандан делегациясынын келишинин маанилүүлүгүн белгилеп: “Бүгүн сиздерди бул жерде кабыл алуу биз үчүн ардактуу миссия. Биз дайыма сиздердин эрдигиңиздерди эстейбиз!”,-деди ал.

Өз кезегинде Казакстан республикасынын генералы Сеиткасым Абдрахманов өз сөзүндө кыргыз менен казактын бир тууган экенин белгиледи.

“Бардык каатчылыкка карабай биз бирге болушубуз керек. Анткени биз боордош элбиз. Сиздер жаш муундар мекен бир экенин эстен чыгарбашыңыздар зарыл”,-деди генерал.

Ардагер Слямхан Жапарханов жылуу кабыл алганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди. “Биз үчүн аскердеги бир полктук жолдошторубуз менен баарлашуу, ошол учурду эстөө кымбат. Биздин арабыздан көпчүлүгү ошол мезгилде Фрунзеде болушкан, азыр кайрадан Бишкекке келүү дагы кубанычтуу”,-деди генерал.

12 адамдан турган делегацияны Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен кабыл алышты. Делегациянын коопсуздугу үчүн тез жардам машинасы бекитилген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу