Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/04 10:14
 

Орус драма театры “Жеңиш парады” аттуу атайын программа даярдады

 Бишкек, 30-апрель /Кабар/. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына “Жеңиш парады” атайын программасын даярдады. Бул тууралуу Ч.Айтматов атындагы орус драма театры билдирди.

Белгиленгендей, 1-3-6-майда режиссер-коючу Валерий Крайновдун сахналаштыруусунда Светлана Алексиевичтин чыгармасы боюнча театралдаштырылган композициясы болот.
2-5-майда режиссер-коючу Марат Амираевдин музыкалык-поэтикалык “Жеңиш үчүн аталарга рахмат” оюну коюлат. Ч.Айтматов атындагы орус

драма театрынын артистери мекен үчүн жанын аябагандарды куттуктап, аларга ыраазычылык билдирүү үчүн бир сахнага чогулушат жана согуш жылдарындагы белгилүү ырларды ырдашат.

7-8-9-10-майда – “Жеңиш парады” программасынын жыйынтыгында “Мени таштаба” аттуу спектакли көрсөтүлөт. Бул Алексей Дударевдин чыгармасы боюнча драмалык баллада болуп эсептелет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу