Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/04 10:03
 

5-майда Филармонияда Жеңиш күнүнүн урматына майрамдык концерт болот

 Бишкек, 30-апрель /Кабар/. 2015-жылы 5-майда Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган майрамдык концерт болот. Бул тууралуу искусствону өнүктүрүү жана профессионалдык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Концертке Россиянын эл артисти Ринат Ибрагимов, К.С.Станислав жана Вл.И.Немирович-Данченко атындагы музыкалык театрдын солисти Ирина Ващенко, А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын солисттери Алмаз Истамбаев, Оксана Шутова жана Бакыт Ыбыкеевдер катышат.
Концертте согуш жылдарындагы белгилүү “Катюша”, “Жеңиш күнү”, “Бийикте” “Алеша”, “Караңгы түн”, “Мен Берлинден келе жатам” жана башка ырлар ырдалат.

Концерт Москванын маданият департаментинин, РФнын маданият министрлиги, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Бишкек шаарындагы “Дом Москвы” маданий иштер борборунун колдоосу менен уюштурулду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу