Улуу жеңиш

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/04 17:50
 

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры И.В.Панфиловдун экспонаттарынын көргөзмөсү ачылды

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры И.В.Панфиловдун экспонаттарынын көргөзмөсү ачылды

 Бишкек, 29-апрель /Кабар/. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын алкагында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун музейлик экспонаттарынын экспозициялык ачылышын уюштурду. Бул тууралуу КР КК башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Белгиленгендей, Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы экспонаттар Кыргыз мамлекеттик тарых музейине коюлду.
Көргөзмөнүн ачылышын утурлай “Панфилов дивизиясынын даңктуу жолу” аттуу белгилүү 8-гвардиячылар дивизиясынын баатырларынын эрдиги тууралуу баяндалган китептин бет ачары болду. Аталган дивизия согуш жылдарынын алгачкы айларында Фрунзеде советтик Кыргызстан жана Казакстандын согушкерлеринен түзүлгөн. Китеп кыргыз жана орус тилдеринде бирдей үлүштө 2000 нуска менен чыккан жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн мекемелерине берилет.

Иш-чара КР ККнын башкы штабынын башчысы генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максутов, УАМ согуштун ардагерлери, китептин автору А.Ааматов, Өкмөттүн өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын коомчулугунун катышуусунда өттү. Ошондой эле, экспозициянын ачылышына Бишкек шаарынын мэринин чакыруусу менен кечээ Бишкек шаарына келишкен Казакстандын согуш ардагерлери дагы катышты. Көргөзмө 2015-жылдын 29-апрелинен 25-майга чейин ачык болот.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу