Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/04 17:12
 

Таласта Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына “Жашыл айыл”, “Жашыл шаар” өнөктүгү жүрүп жатат

 Талас, 28-апрель /Мухамеджан Суранчиев-Кабар/. Учурда облуста Улуу Жеңиштин урматына “Жашыл айыл”, “Жашыл шаар” өнөктүгүн уюштуруу боюнча эрте жазда кабыл алынган кайрылууга ылайык облуста жашаган 50 миңден ашык үй-бүлөнүн ар бири өзүлөрүнүн үйүнүн жанына көчө кыдырата 5тен, ар бир мекеме уюм 7ден кем эмес жалпысы 500 миң түпкө жеткен ийне жалбырактуу көчөттөрдүн, ак кайыңдардын көчөттөрүн олтургузуп, облуста жүрүп жаткан өнөктүккө активдүү катышууда. Бул тууралу облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы Болот Кадырбеков билдирди.

Мындан тышкары облустун ар бир айыл аймактарында жашыл көчөттөрдү олтургузуу үчүн 1,5 гектардан кем эмес жер тилкелери бөлүнүп берилген. Азыркы кезде облуста байма-бай ишембиликтер өткөрүлүп, ал жерлерге көчөттөр олтургузулуп, токойлор тазаланууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу