Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/04 10:37
 

Жалал-Абад шаарында согуш ардагерлерине колдоо көрсөтүлүүдө

 Жалал-Абад шаарында согуш ардагерлерине колдоо көрсөтүлүүдө

 Жалал-Абад, 28-апрель /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы эмгек ардагери Николой Шумский жана согуштун катышуучусу Эркин Зулфибаевге материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Жыл сайын биз мэриянын жетекчилиги менен биргеликте согуш ардагерлеринин ал акыбалынан кабар алып, белек бечкектерибизди берип турабыз. Ал эми быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата өзгөчө көңүл бөлүнүүдө ”- деп билдирди Береке базарынын директору Чыңгыз Жапаров.
Ардагер Николой Шумский жана согуштун катышуучусу Эркин Зулфибаев шаар бийлигине аларга көрсөтүлүп жаткан камкордуктарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Н. Шумский Деңиз флотунда 1943-1949-жылдары 7 жыл кызмат өтөгөн. Аскер Деңиз флотторунун Улуу Ата Мекендик Согуштун жеңишине өтө чоң салымы бар экенин белгилеп өттү. Ал эми согуштун катышуучусу Эркин Зулфибаев кыргыздардын арасынан чыккан алгачкы офицер болгонун сыймыктануу менен айтат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу