Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/04 17:33
 

Каарман жоокер – кыргыз тил профессору

Каарман жоокер – кыргыз тил профессору

 Үркүндөн эки, Октябрь революциясынан бир жылдан кийин – 1918-жылы туулган бул залкар окумуштуунун өмүр баяндык маалыматтарынан анын Чыгыш Европанын өлкөлөрү – Румыния, Венгрия, Австрия жана Чехословакияда немец фашисттери, Чыгыш Кытайда Чан Кайшинин аскерлери менен согушкандыгы жөнүндө окуп, мындан көп жылдар илгери болгон бир окуяны аргасыздан эсиме түшүрдүм. Анда 1985-жыл – Улуу Жеңиштин 40 жылдыгы белгиленип жаткан кез эле. Биз Румыниянын борбору Бухарест шаарынын чок ортосундагы ал элге боштондук алып келген советтик жоокерге орнотулган эстеликке гүл коюуга кайрылдык. Эстелик аябагандай зор, тимеле алыскы-алыскы тараптан келатып токтогон алп баатыр сыяктуу. Ошондогу мени таң калтырганы советтик жоокердин өтүгүнүн көрүнүшү болду. Чаң менен баткак, суу менен от кечкен эски жана бышык өтүк. Бул өтүк менен ал Сталинграддан башталган жүздөгөн жана жүздөгөн чакырым жолду күн-түндөп талыкпай басканы көрүнүп турат. Скульптор али согуш бүтө элек – Берлинге аз-аз калган чактагы каарман жоокердин элесин ушундай штрихтеген. Чындыгында эле, күтүүсүз тутанган согуштун чоң өртүн түркүн-түс улуттун азамат уул-кыздары дал ушул өтүктүн таманы сыяктуу каар-күч менен басып өчүрүшкөн эмеспи. Көптөрү, эң эле көптөрү Улуу Жеңиш келген ал кубанычтуу күндү өз көздөрү менен көрбөй калышты. Алар бүт бардык жаш бактыларын, жаш өмүрлөрүн биздин – келечек ээлеринин жарык таңдуу жашоосунун бекем жана бакыбат болуусу үчүн арнашты.

Кыргыз балдарынын нечен бир мууну жазган китептерин мектептерде окуган көрүнүктүү тилчи, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Ыбрай Жакыпов абдан бактылуу адам экен, ошол Румынияны аралап өткөн унутулгус күндөн кийин 9-май салтанатын дагы 63 жолу белгилеп, 91 жашында – 2009-жылдын 4-мартында жарыкчылыктан узады. Согуш жөнүндө эскерип сүйлөгөндү, анан, кызыгы, орден-медалдарын тагынып эл аралаганды жактырбаганын өзүбүз деле көрүп-билип калдык. Өзгөчө басмырт, жөнөкөй жана абийир-ыймандуу адам эле ыраматылык. Калп айтканды, бой көтөргөндү, төтөн өзү тайкы болуп туруп, ал тайкылыгын жашыргысы келгендерди өчү бар душмандай жаман көргөнүн окуткан студенттери да аңыз кылып аңгемелеше турган. Балким, андагы мындай касиет инсандык өнө боюна нукура турмуш чындыгын, жакшы-жаман ылганып, кимдин кимдиги таразаланчу согуш чындыгын беш колдой мыкты билгендиги үчүн артыкча табигый зарылдык болуп калган чыгаар.

Эсимде жүргөн дагы бир окуя. Анда жаңы эле студент болуп, университеттин журналистика бөлүмүндө окуп жаткан убагым. Шаарда жашаган Кусуйпа деген апамдыкында отурсам, ал: “Азыр профессор кайним келет, ага мындайды көрсөтүүгө болбойт”, - деп чарага салынган койдун чийки этин чүпөрөк менен жаап ката койду. Таңдана карадым. “Эмне үчүн?” Апам анын жөн-жайын төмөнкүдөй түшүндүрдү: “Өз оозунан укканым бар. Согуш аяктап бараткан мезгилде үрөй учурган укмуштуу көрүнүшкө дуушар болот. Бир немистин чоң короосуна киришсе, ал жерде челек-челек спирт тизилип турган болот. Жеңиштен жеңишке жетишип бараткан биздин аскерлер шаңдана сайран курууга камынат. Кеминде 70-80 киши. Ошондо, башынан ичкилик дегенди оозуна албаган кайним алардан бөлүнүп, оолак басып кетет. Дал ошол учурда короого бомбасыбы, минасыбы - келип жарылып, баягы топтошуп тургандар кызыл-жаян болуп боо түшүп калган экен. Нечен ай-жылдар бирге согушкан жолдошторунун минтип бөөдө кырылганын көргөн кайним дегеле чийки этти, төтөн мал союлган кездеги шыркырап куюлган кан буусун кароодон аябай заарканчу болуптур”.

1970-жылы Кыргыз кыз-келиндер пединститутунун окутуучусу Тентике Дербишалиев профессор устатынын өз оозунан уккан жоокердик аңгемелердин бир үзүмүн мына мындайча кагазга жазып калтырган:
“...1942-1943-жылдары биздин аскерлердин Великие Луки шаары үчүн немецтер менен айыгышкан кандуу салгылашуулары жүрүп турду. Шаардын колдон колго өткөн учурлары да болду. Анткени, бул шаар тогуз жолдун тоому болуп, Ленинград, Клин, Калинин, Старая Русса, Псков, Нарва багыттарына кетүүчү аскердик стратегиялык зор мааниси бар белгилүү магистраль эле.
Күндөрдүн биринде Ыбрай Жакыпов парторг болуп кызмат өтөгөн 8-эстон корпусунун 170-артиллериялык полкунун өз алдынча аракет жүргүзүүчү айрыкча дивизионуна колдо болгон согуштук мүмкүнчүлүктөрдүн баарын колдонуп, согушуп жаткан жөө аскерлерди артиллериялык атуулар менен колдоп туруу буйругу келет...

Каарман артиллеристтер кыштын кыраан чилдесине карабай, шинелдерин чечип коюп ок атышууда. Көл-шал болуп тердешкен. Ы.Жакыповду улам бир батареядан, же болбосо, артиллериялык расчеттон көрүүгө болоор эле. Ок атып жаткан жигиттерди тамаша сөздөр менен күлдүрүп, алда немедей кайраттуу дем менен сүрөп-колдоп, кеңешин берип жүрдү. Жаралуу болгондорду же курман болгон жолдошторун улам алмаштырып, снаряд ташыды, замбиректен ок атты, жарат таңды.

Артиллеристердин болуп көрбөгөндөй соккусуна душман чыдай албады көрүнөт, аларды эки жолу абадан бомбалады, пулемёттордон ок атты, экөөндө тең эр жүрөк зенитчилер менен пулемётчулар анын мизин кайтарды. Немецтердин экинчи жолку аба чабуулунда үч истребитель келди эле, биздин зенитчилер катуу сокку уруп, дивизиондун позициясына жакындаткан жок. Бир самолет баш багаары менен алоолонуп күйүп, шаардын немецтер турган жагына барып жарылып түштү.

Ал эми душман танкелеричи? Замбиректеринин оозунан үстөкө-босток жалын чыгарып бир жолу 6 танке келди. Бирок, алар өтө жакын келе алышпай, мөндүрдөй жааган снаряддарга туруштук бере албай, артын көздөй кайра кетишти. Алардын үчөө талаада алоолонуп өрттөнүп жатты.
Бир аздан кийин биздин жөө аскерлерибиздин жер жаңыртып “ураалаган” үндөрү чыгып, душмандын коргонуу линияларына сел каптагандай чабуулу башталды. Шаар толугу менен бошотулуп, башка багыттарга кеңири жол ачылды. Бул 1943-жылдын 25-январы эле.

Ушул маанилүү согуш операциясына каармандык менен катышкан артиллериялык айрыкча дивизион жогорку командачылык тарабынан алкышка ээ болуп, ондогон эр жүрөк артиллеристер ордендер жана медалдар менен сыйланды. Дивизиондун парторгу Ыбрай Жакыпов “Каармандыгы үчүн” медалын, корпустун командири генерал-майор Периндин өздүк куттуктоо катын жана каармандык грамотасын алды.
Улуу Ата Мекендик согуштун андан кийинки жылдарында да Ы.Жакыпов ошол эле 170-артиллериялык полктогу дивизиондун парторгу катары Невель, Нарва, Кенгисепп, Таллин шаарлары үчүн болгон айыгышкан салгылашууларга кан-жанын аябай катышты. Оор согуштун жылдары ал эмнелерди гана көрбөдү! Орто Азиянын Ташкент шаарынан Чехословакиянын Братислава шаарына чейин өз полку менен бирге алоолонгон отту кечип,нечен белестерди жеңиш менен жөө басты...”

Ушундай эч кимди аябас, эч ким күн мурун болжоп айта албас согуш драмаларынын далайын баштан өткөргөн Ыбрай агай Калинин, 1-Прибалтика, Ленинград, 3-Украина жана 2-Украина фронтторундагы аскер бөлүктөрүндө замполитрук, парторг, химинструктор, расчеттун командири болуп, Ата Мекендик согуш ордени, “Эрдиги үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” ж.б. медалдар менен сыйланып, туулуп-өскөн жерине капитан даражасында кайтып келгендиги өзүндөй эле педагог-окумуштуу байбичеси Жамал Жарылдаева көз карегиндей сактаган документтеринен улам белгилүү болсо, анын аскердик жолунда узак убакыт бою саясий талапка жараша басма бетинде ачык айтууга мүмкүн болбогон бир өзгөчө жагдай орун алгандыгы тарых акыйкаты жана мезгилге коштолгон эс тутум салтанат куруусу үчүн айрыкча көңүл бурууга татыйт. Ал – капитан Ы.Жакыповдун Германия багынгандан кийин, б.а. 1945-жылдын август айынан ноябрь айына чейин жашыруун “2-фронт” деп аталган фронтто тандалган советтик аскерлердин курамында сатылгыч “генералиссимус” Чан Кайшинин армиясын Кытай чегинен сүрүп чыгууга катышкандыгы. Болочок профессор ушундай миссия менен коңшу зор өлкөнүн Чимпанзе, Жаргент, Үрүмчү аймактарында болот. Андан соң, ошол жактан Алматы аркылуу эл-жерине кайтат.

Бармактай чагынан эки ага, бир иниси менен бирге жетимчиликти, ач-жылаңач калып, бирөөнүн көзүн караган айласыз күндөрдү эсеби жок көрүп, ошонун айынан мектептеги окууга кеч тартылып, акыры табигый зиректиги, талыкпас максатка умтулуучулугу менен Кыргыз мамлекеттик пединститутун бүтүрүп, аспирант болуп турган учурунда өз ыктыяры менен майданга кеткен Ыбрай агайдын тынчтык замандагы ишмердүүлүгү бүтүн бойдон жогорку оуу жайларынын студенттерине кыргыз тилин окутуу жумушуна байланышып, 1946-1989-жылдар аралыгында, айрыкча, Кыргыз мамлекеттик университети менен Кыргыз кыз-келиндер пединститутунун кыргыз тил, кыргыз тил-адабият кафедраларынын башчысы катары илимий-изилдөөчүлүк иштердин бийик деңгээлге көтөрүлүшүнө зор эмгегин арнаган. 1951-жылы “Кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүн типтери” деген темадагы кандидаттык диссертациясын Казак Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда, ал эми 1967-жылы “Азыркы кыргыз адабий тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүн негиздери” деген темадагы докторлук диссертациясын М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Чыгыш элдеринин тил институтунда ийгиликтүү жактаган.

Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн жазылган ондогон окуу китептери менен методикалык көрсөтмөлөрдүн автору. Андан тышкары, мезгилдүү басма сөзгө ар дайым жигердүү катышып, “Тагдыр”, “Тилектештер”, “Чакырык” жана “Эмгек, билим, тарбия жетимди жетилткен” аттуу повесттер жыйнактарын басмадан чыгарган.

Профессор Ы.Жакыповдон таалим-тарбия алгандар ал жөнүндө көңүл агарткан эң жаркын эскерүүлөрдү жазып калтырышкан. Маселен, белгилүү коомдук ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбеков мындайча эскерет:
“... Эс тутуму таң каларлыктай болуп, кыргыздын төл сөздөрүн ташка тамга баскандай айтып, жаздырчу. Биздин байкашыбызда, ошол мезгилдеги күчтүү, кыргыз тили боюнча бирден-бир компетенттүү мугалим-адис эле. Аны ошол кездеги бирге иштеген профессор-окутуучулар урматтап, ызааттап, таазим кылып турушаар эле.

Сабак көңүлдүү өтүү үчүн аябай даярдангандыгы байкалып турчу. Кайдан-жайдан тапканын билбейсиң, ал кезде жарыкка чыга элек макал-лакаптар, биз уга элек кыргыз сөздөрүн көп пайдаланып, какшык-тамаша аралаштыра сүйлөгөн сөздөрү студенттердин эсинен такыр кетчү эмес. “Кыргыз эли “өнөр алды – кызыл тил” деп айтат. Ошондуктан, аны жакшы билсеңер, даанышман да, сөзмөр да, элге жагымдуу да болуп, аң-сезимиңер өсөт. Эне тилиңерди сүйгөнүңөр – элиңерди кадырлап- ызааттаганыңар!” –дечү.

Агай “Манас” эпосу жөнүндө көп айтып: “Дүйнөдөгү эң чоң эпос, мындай эпосту жараткан кыргыз тили бай, кооз тил. Силер кыргыз тилинин грамматикалык эрежелерин үйрөнүү менен гана чектелүүгө болбойт. Ал байлыкты элдин арасына жайылтуу керек, бул тилибиз аркылуу жаштарыбыз кыргыз элинин өмүр жолу, жашоо-тиричилиги, каада-салттары, макал-лакаптары менен таанышат. Демек, анын баары жаштардын аң-сезимине терең сиңет”, - деп кулакка сиңире айта турган.

Ыбрай Жакыповдун өзүнүн жеке маданияты студенттердин көңүлүн өзгөчө бурчу. Ал дайыма сабакка кечигүүсүз келип, өз убагында сабакты токтотчу. Кийимдери таза, өзү да аябай таза, чач койдурган эмес, кадимки нукура кыргыз катары чачын дайыма устара менен кырдырып, зыңкыйып ак жибектен желетки, шым, ак фуражка кийип, зымга тарткандай салабаттуу жүргөнү көз алдымда...”
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленип жаткан убакта, жаш өмүрүн аябай ошондой Улуу күндү биз баарыбызга энчи кылып берген каарман жоокер – “Манастай” залкар дастанды жараткан байыркы кыргыз элинин укмуштай кооз, угумдуу тилин өстүрүп, илимий жактан изилдөөгө бүт окумуштуулук тагдырын арнаган Ыбрай агайдай керемет адамдын элес-арбагына таазим эткенибиз – абийир-ыйманга жарашаар мойнубуздагы милдеттүү парз.

Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ,
журналист

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу