Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/04 17:14
 

Жаркын келечек үчүн өмүрлөрүн бергендерди эскерип, урматтап туруу – тирүүлөрдүн ыйык парзы

Улуу Жеңиш күнүнө байланыштуу согуш алааматында болушуп, кан майданды кечишкен согуш ардагерлери кантип согушкандарын эскеришип, бүгүнкү муундарга, жаштарга айтып беришсе, алардан уккан уул, кыздары, неберелери балдарына айтып беришип, УАМ согуш тууралуу кеп салышат. Бул согушка байланыштуу менин да эскерерим бар. Анткени, менин да чоң аталарым Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары. Буга чейин аларды тар чөйрөдө гана эскерип, сөз кылып келген болсом, бул ирет Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына согушка катышкан чоң атам Бусурманов Кутуш, таятам Тагаев Тажибай жөнүндө эл алдында эскерип, алардын элесине таазим этким келди.

Аман калтырган аманат
Биздин үй-бүлөдөн чоң атам да, таятам да согушка катышышкан. Таятам - Тажибай Тагаев азыркы Алай районунун Мурдаш айылынан согушка чакырылганда 22 жашка жаңы толгон экен. Ал убакта апам эки жаштын тегерегинде болгондуктан атасы эсинде деле калбаптыр. Ал таятамдын туугандарынын биринин колунда чоңойгон. Телевизордон согуш жөнүндө айтылып, көркөм тасмалар көрсөтүлүп калса, кан майданда дарексиз жоголгон таятамды эстеп шуу үшкүрө көз жашын сүртүп алат байкуш апам. Таятамдын эмне болгондугу жөнүндө таянеме эч кандай кабар же кара кагаз келбептир. Азыр из кубарлардын жарыялагандары, архивдик материалдар боюнча согушта дайынсыз жоголгон жакындарын таап жаткандар аз эмес. Мен да ушул өңүттөрдө издөөлөрдү, суроолорду жүргүздүм, бирок анын дарегин азырынча таба элекмин.
Менин чоң атам - Кутуш Бусурманов 1943-жылы согушка алыныптыр. Менин атымды ошол киши койгон. Ыраматылык чоң атам курандын бир жеринен Мухаммед пайгамбардын чоң атасы Абдыманап деген адам болгон дегенди көзү чалып, мага ушул ысымды койдурган экен. Мен анын үмүтүн канчалык деңгээлде актадым, аны кудай билет, бирок куранды, хадистерди окугандыгына караганда ал сабаттуу адам болсо керек. Чоң атам 35 жашында кан майданга кетиптир. Ал убакта атам 12ге чыгып калгандыктан аны кантип согушка узатышканы тууралуу көп эскерет. Согушка алынгандардын баары жүк ташуучу машинага отуруп жатышканда баба атам Бусурман түшүп келип, баласына ошол убактагы номиналдык баасы эң жогору болгон кызыл кагаз акчаны колуна берип: «Уулум, бул деген аманат, аманатты кудай сактайт, а аманат адамды сактайт. Бул акчаны мага кайрылып келгенде бересиң» дептир. Ал убакта анча акчага бир ноопаз же уй келчү экен.

Колунан кантип айрылган?
Чоң атам алгач окуу-машыгуу тобунда болуп, анан согушка баргандан тартып пулеметчу болуп кызмат кылыптыр, Курскидеги атактуу салгылашууга катышкан дешет. Айтымында, ал станкалык пулеметту атканда сол колу менен пулеметтун шитин кармап алчу экен. Бир салгылашууда шиттен чыгып турган манжаларын автоматтын октору майдалап кетет, баш бармагынан башка салаалары жок болот. Жан ачытып катуу ооруган колун кармап ал салаңдаган салааларын кесип алып, чөнтөгүнө салгандан кийин эстен танып, госпиталда колу ампутациялангандан кийин эсине келет. Кыязы, ал манжаларымды сактап койсом, врачтар кайра тигип беришет деп ойлосо керек.
Ал эсине келгенден кийин «төрт салаамды кетсе да баш бармагымды эмне кестиңер, ал соо эле го» деп көпкө капаланат. Операция кылгандар госпиталга жеткиче узак убакытта анын колу гангрена боло баштагандыктан чыканагына жакын кескендигин айтышат.
Чоң атам согуштагы окуялар тууралуу көп эскерчү, бирок жаш болгондугумдан эсимде сактап калбапмын. Кийинчерээк анын согушта баштан өткөргөндөрү жөнүндө чоң энем Сулуу да айтып жүрдү.
Жарадар болгондон бир нече айдан кийин чоң атамды демобилизациялашат. Анын кан майдандан кайрылып келаткандыгын уккан Бусурман бабам атына шарт минип, Жерге-Талдан Сопу-Коргонго чейин чаап барат. Ошол убакта эле Сопу-Коргон автоунаалар каттап турган, бир катар мамлекеттик башкаруу кеңселери бар кыштак болуптур. Анын артынан Орозбай атам жүгүрүп жөнөйт. Атасын сагынганы, анын аман калгандыгына сүйүнгөнү ушунчалык болгон экен, ал атчан чоң атасына удаалаш эле Сопу-Коргонго кирип барыптыр. Чоң атам Кутуш атасы Бусурманды көрөрү менен бир колу жок болсо да: «Ата, мына сиздин аманатыңыз, ал мени сактады, мен аны жоготпой алып келдим»,- деп соо колу менен койнунан баягы кызыл акчаны алып чыгыптыр. Анан Кутуш алдуу-күчтүү адам болсо керек, соо колу менен сагынган баласы Орозбайды кой дегенине болбой көп жерге чейин көтөрүп келет.

Көзү ачыктык жагы да бар эле…
Сол колу чыканагынан ылдый жок болгондугуна карабастан чоң атам аябагандай күжүрмөн, ишсиз тура албаган, катаалдыгы да бар, бирок адилет сөзгө баш ийген адам эле. Ал мугалим болуп да, почтальон болуп да иштеди. Ал бир колу менен эле дөңгөчтөрдү балталап жарып, ойдологон аттарды ноктосунан куушура кармап тык токтотуп койчу. Кайсыл убакта болбосун үйүндө тааныгандар да, тааныбагандар да толуп, конуп-түнөп жүрүшчү. Алардын бардыгы үчүн чоң атамдын тапкан-ташыгандары дайыма жайылуу эле. Азыр ойлоп, ошонун баарына оокаты кантип жетчү экен дейм.
Айткандарына караганда, көзү ачыктык же азыркы тил менен айтканда парапсихологдук жагы да бар болгон окшойт. Согуш бүткөн жылдагы күздүн бир күнүндө эртең менен туруп эле, Өзгөндөгү дыйканчылык кылган атам Бусурман жаман болгон окшойт деп эле шашылып жөнөп калат. Ал эки күн аттан түшпөй шыр жүрүп баба атам жашаган жерге келгенде аны жууп кепиндеп, жерге бергени жатышкан экен. Ошол окуяны үйдөгүлөр түгүл, айылдагылар да көп айтышчу. Чындыгында эле атасынын өлүм алдында жаткандыгын айныксыз билгендигине мен азыр да таң калам.
Бир жылдан кийин ал бар тапканын жумшап, атасынын жылдыгын өткөрөт. Согуш мезгилинде андай каада-салттардын эмне экендигин унутушкандардын көпчүлүгү уялбай эле жаш агызып, ыйлашкан экен. Той-аш дегенди да угат экенбиз, катышат экенбиз деп. Эми заман оңолот деп. Анткени, ал аймактагы согуш мезгилинен берки биринчи жылдык болуптур.
Аймактагылар менин баба атамды табып катарында да жакшы билишчү. Бир жолу менин атам Орозбайды жаш кезинде минген аты ала качып барып, сарайдын тосмосуна уруп кетет. Аттан учуп түшөт, жанына барып карашса, башынын маңдай сөөктөрү сынып кеткен болот. Аны доктурга алып баруу кайда? Бусурман атам бычакты отко тосуп алып, жараатты ачып, анан майдаланган сөөктөрдү терип таштап, терилерин тигип, ылаңдабасын деп кийиздин күйүгүн бастыртат. Азыр атам чачын алдырганда башынын маңдай бөлүгүндөгү сөөгү жок размери он сомдук монетадай жери ачык эле байкалып турат. Ошентип табыптыгынан, кайраттуулугунан улам бабам небересин бир ажалдан сактап калыптыр.
Көгүчкөндөй түгөйлөр
Чоң атам Кутуш аялы Сулууну аябай жакшы көрчү, алпештеп эле отурчу. Сулуу энем ден соолугунун начардыгы жөнүндө даттангандан жадабаса, чоң атам анын ооруган жерлерине шыпаасы тийеби деп Өзгөндөн жашиктеги шишелерге толо "Кара-Шоро" суусун, Оштон кап-кап кургатылган жер-жемиштерди, көпкө сакталсын деп саманга ороп койчу коон, дарбыздарды ташыгандан жадачу эмес. Темир мештеги чайнекте дайыма кургатылган өрүктөн компот кайнатылып турчу. Анын ден соолугу үчүн такай кам көрүп, менден мурда жарыкчылыктан өтүп кетеби деп чочулаган чоң атам 1972-жылы 64 жашында дүйнөдөн кайтса, чоң энем кечээ жакында же 2009-жылы 87 жашында ааламдан өттү. Кыйчылдаган дарак көпкө чыдайт дегендин чындыгы бар окшойт. Кимдин канча жарыкчылыкта ичер суусу барын, албетте, Жараткан гана билет турбайбы.
Азыр 60-65тердегилер менен салыштырып көрсөм, чоң атам бизге убагында аябай эле карыган адамдай көрүнчү экен. Ал убакта көр турмуштун азабынан, оор шарттардан улам адамдар тез карышса керек. Менимче бул согуш, анан согуштан кийинки алгачкы мезгилдерде жашоонун кыйындыгынан го.

Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт
Өткөндү билбегендин, сыйлабагандын келечеги жок дешет. Анын сыңарындай, ар кимибиз бизди мээримдүү колдору менен сылап өстүрүп, адам катарына кошууга мээнеттерин жумшагандарды эч качан унутпай, дайыма эскерип жүрүүбүз керек. Арбактар деле аларды эскерип, дуба түшүрүп тургандар калгыча гана жашашат. Андан кийин башкача координаттарга айланышат. Эгерде тереңирээк үңүлсөк, ар бирибиздин аркабызда сөз кылып, арбактарын эскерип турганга татыктуу адамдарыбыз бар. Аларды эч качан унутпайлы. «Өлгөндөр даңкталмайынча, тирүүлөр баркталбайт» дегендин мааниси ушунда. Тирүүлөрдүн маркумдардын алдындагы бир парызы ошол эмеспи. Ал эми биздин бүгүнкү эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан, жанын аябай, өз өмүрлөрүн бергендерди эскерип, урматтап туруу - тирүүлүктөгү парыздардын эң ыйыгы. «Эмнени эксең, ошону аласың» дегендей, кийин бизди да эскере тургандар болушу абзел.

Чоң атам Кутуш Бусурманов

Атам Орозбай жана апам Ыкыбал

Абдыманап Кутушев,
Жогорку Кеңештин депутаты

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу