Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/04 11:14
 

Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандан 75 гвардиячы катышат

Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандан 75 гвардиячы  катышат

 Бишкек, 27-апрель /Роман Гайнанов-Кабар/. 25-апрелде Улуттук гвардиянын командири Мелис Сатыбалдиев Москвада Жеңиш парадына катышуучуларга жыйын өткөрдү.

Салт боюнча команда берүүчү жолдомо сөздөн кийин аскерлерди ата мекендик иш-чарада Кыргызстанды жана анын Куралдуу күчтөрүн татыктуу көрсөтүүгө буйруду.

Гвардиячылардын учушу Кант шаарындагы россиялык авиабаза тарабынан ишке ашырылды. Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандан 75 адам катышат, солдаттардын негизги бөлүгүн 2014-жылдын жаз жана күз айларында чакырылган шашылыш кызматынын аскерлери түзөт жана аларга гвардиянын башка коменданттык бригадасынын командири Данияр Исаков башчылык кылат.

Командирдин айтымында, ал катардагы аскерден Улуттук гвардиянын бригадасынын команда берүүчү кызматына чейинки аралыкты басып өткөндөрдүн алгачкылары болуп саналат. “Параддык эсепте Москвадагы Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган парадка катышкан офицерлер дагы бар. Гвардиячылар Чкалов шаарына конгондон кийин подмосквадагы Звенигород шаарына жеткирилет, ал жерде аскердик пансионат бар жана Улуттук Гвардиянын аскер кызматкерлери ошол жерге жайланышат”,-деп билдиришти Улуттук гвардиядан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу