Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/04 17:40
 

Бишкекте Москвадагы парадка катышуучу ардагерлер медициналык текшерүүдөн өтүштү

 Бишкек, 24-апрель /Кабар/. 9-майда Москванын Кызыл аянтында өтүүчү парадка катышуучу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Бишкекте №8 жана №13 шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык текшерүүдөн өтүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 1926-жылы туулган, 1943-1946-жылдары Украинанын фронтунда салгылашкан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Топобай Чотбаев Москванын Кызыл аянтындагы парадка катышуунун алдында медициналык текшерүүдөн өттү. Ошондой эле, №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан Улуу Жеңиштин ардагери, 1941-1945-жылдары согушка катышкан Алексей Варавин текшерүүдөн өттү.

Текшерүү учурунда эки ардагердин тең ден соолугу канааттандырарлык экени белгилүү болду. Белгиленгендей, борбор шаардын медициналык мекемелери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, Ленинград блокадасынын катышуучуларын мамлекеттик кепилдиктин программасына ылайык үзгүлтүксүз тейлеп турушат. Ар жылы тереңдетилген медициналык текшерүү, согуштун ардагерлерине тейлөө жүргүзүлүп турат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу