Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
24/04 10:44
 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган кароо-сынак Тоң районунда болуп өттү

 Каракол, 24-апрель /Кубан Мамбетов-Кабар/. Тоң райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Замира Шайдылдаева белгилегендей аталган район таланттардын алтын бешиги экендиги анык. Бул жолу дагы уюм-мекемелердин эмгек жамааттары өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн калайык калың калкка көрсөтүшүп, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган бул иш-чараны чыныгы майрамга айландыра алышты. Кароо-сынак эки номинацияда өтүп, ага райондун аймагындагы 11 эмгек жамааты жана 160 тан ашуун мектеп окуучулары катышты.

Мектеп окуучулары болсо аскердик-патриоттук оюндарды көрсөтүшүп, Мекенди коргоо жөндөмдүүлүктөрүн көпчүлүктүн көөнүнө тартуулашты. Кароо-сынактын жыйынтыгында 1-орун Бөкөмбаев айылына, 2-орун Кызыл-Туу айылына, ал эми үчүнчү орун болсо Жолочу Алтымышбаев атындагы орто мектебине ыйгарылды. Байгелүү гран-при сыйлыгы Бөкөмбаев айылындагы №81 кесиптик-техникалык лицейинин эмгек жамаатына тапшырылды. Мындай иш чараларды 9-май Жеңиш күнүнө чейин өткөрүү пландаштырылууда. Ал эми Тоң районунун аймагында болсо бүгүнкү күнү 16 согуш ардагери өз өмүрлөрүн татыктуу улантышууда жана алардын ар бирине жакындан көңүл бурулуп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу