Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
23/04 15:49
 

Кадамжай районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына 1000 түп арча көчөттөрү отургузулду

 Баткен, 23-апрель /Фарида Убайдуллаева-Кабар/. Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында кароосуз калган бир көчөнү бакчага айлантуу аракети башталды. Бул үчүн жергиликтүү бийликтин колдоосу менен, 1000 түп арча көчөттөрү отуругузулган. Мындай маалыматты Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчыбай Төралиев билдирди.

«Миң-Чынар айылынын борбордук көчөсү буга чейин начар абалда болчу. 32 метр узундуктагы Бишкек көчөсүн эми калыбына келтирүү иштери колго алынды. Келечекте аллеяга айландыруу максатында жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлүп, оңдоп –түзөөдөн өткөрдүк»-деп кошумчалады Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчыбай Төралиев.

Бүгүнкү тынчтык үчүн кан күйгөн согушта эрдик көрсөткөн аталардын урматы үчүн, Бишкек көчөсүн жеңиш аллеясына айлантуу демилгесин айыл эли да колдоп чыккан. Ал эми Кадамжай райондук токой чарба кызматы тарабынан арча көчөттөрүнүн туя, тянь-шань карагайы, көк-чынар сорттору алынып келинген. Бул үчүн 300 миң сом акча сарпталган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу