23.04.2015, 12:17

Баткенде ӨКМ кызматкерлери 94 жаштагы согуштун ардагерин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттукташты

 Баткен, 23-апрель /Кабар/. ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери согуштун ардагери, 94 жаштагы Сулайманов Жармат карыяны 9-май-Жеңиш майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Альберт Тагаев баштаган кызматкерлер Кадамжай районунун Халмион айылында жашаган 94 жаштагы согуштун ардагери Сулайманов Жармат аксакалдын үйүнө барып, майрамы менен куттукташып, кызматкерлердин эсебинен 5000 сом жардам көрсөтүштү.

Жармат карыя 19 жашында согушка кетип, душмандар менен салгылашып, Польшага чейин барган. Мекен үчүн кашык канын аябаган согуштун ардагерлери арабызда саналуу гана калган. Ошондуктан аларга колдоо көрсөтүп, моралдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында Министрликтин кызматкерлери тарабынан иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.