Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/04 17:52
 

Советтер Союзунун Баатыры Д.Шопоковдун бюсту Орусиянын Волоколамск шаарында орнотулат

Советтер Союзунун Баатыры Д.Шопоковдун бюсту Орусиянын Волоколамск шаарында орнотулат

 Бишкек, 22-апрель /Кабар/. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиянын Москва областынын Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун бюсту орнотулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Д.Шопоковдун бюстун Волоколамск шаарында орнотуу боюнча демилге көтөрүп, мындан эки жыл мурун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жана Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилиги менен бирге жогоруда сөз болуп жаткан шаардын мэри менен жолугушууда Д.Шопоковдун бюстун орнотуу боюнча маселе көтөрүлгөн.
Буга чейин Волоколамск шаарында И. В. Панфилов менен казакстандык Б.Момуш уулунун эстелиги орнотулган.

Эске салсак, Волоколамск районундагы Гуськово аттуу айылдын аймагында 1941-жылы 18-ноябрда Москваны фашисттик баскынчылардан коргоодо И. В. Панфилов курман болгон. Ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. И.В. Панфилов 1920-жылдан 1938-жылга чейин Кыргыз ССРинин аскердик комиссары болгон. Анын ысымы өзүнүн дивизиясына берилген. Ушундай эле наам Панфилов дивизиясынын 28 аскерине да ыйгарылган, анын ичинде кыргызстандык Д.Шопоков болгон.

Дүйшөнкүл Шопоков 1916-жылы Чүй областына караштуу Шалта айылында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Ал 1941-жылы кызмат өтөш үчүн Кызыл армиянын катарына чакырылып, ошол эле жылы согуш талаасында душмандарга каршы күрөшкөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу