Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/04 16:32
 

Бишкекте «Улуу жеңишке таазим» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт

 Бишкек, 22-апрель /Кабар/. 2015-жылдын 24-апрелинде саат 1100дө Улуттук китепканада Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына арналган «Улуу жеңишке таазим» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматы билдирди.
Майданга аттанган 363144 миң кыргызстандыктардын 162 миңи же болбосо ар бир экинчиси курман болгон.

Кыргыз ССРинин аскер комиссары генерал-майор И. В. Панфилов жетекчилик кылган 316-аткычтар дивизиясынын 28 жоокеринин Волоколамск шоссесинин Дубосеково аймагында фашисттердин чабуулуна туруштук беришип, Москвага киришине бөгөт болушкан. 28 тең Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наам берилген. 28 жоокер баатырларча курман болушкан.

Ата Мекенге көрсөткөн эрдиги үчүн өз өмүрлөрүн кыйышкан баатырларды эл эч качан унутпайт.
Көргөзмөгө Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу китептер, газета-журналдык материалдар, фотодокументтер, очерктер, публицистикалык материалдар, эскерүүлөр, тарыхый изилдөөлөр ж.б. коюлду.

Көргөзмөнүн ачылышына Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандары, Д. Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин курсанттары, ооруктун ардагерлери, аскер кызматынын офицерлери, студенттер, мектеп окуучулары, жалпы коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу