Улуу жеңиш

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/04 15:22
 

Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына жана Секюрити күнүнө арналган спартакиада болуп өттү

Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына жана Секюрити күнүнө арналган спартакиада болуп өттү

 Бишкек, 22-апрель /Кабар/. КР ИИМнин окуу-машыгуучулук борборунда Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына жана Секюрити күнүнө арналган спартакиада болуп өттү. Спорттук иш-чаранын ачылышына ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбай Касымбаев, КР күзөт биримдигинин жана детективдик ишканаларынын жетекчиси Акжол Исаев жана коноктор катышты.

Иш-чарада Н.Касымбаев, КРнын күзөт биримдигинин жана детективдик ишканаларынын ишине жогору баа берди. Ал мыйзамдуулукту жана тартипти сактоодо ИИМдин ишенимдүү жардамчысы болгон жеке менчик күзөт ишканаларынын ишинин эффективдүү болуп жаткандыгын маалымдады.

Таймаштар спорттун ок атуу, турникте тартынуу, гира спорту, армрестлинг, аркан тартыш, чуркоо, 3000 метрге кросс жана аралаш эстафета түрлөрү боюнча өттү. Ага аймактардан келген командалар катышты. Ал эми иш-чаранын соңунда кызматкерлер «Кыргыз милициясына 90 жыл» медалдары жана ИИМдин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, күзөт биримдигинин жана детективдик ишканаларынын катарында 420 агенттик бар. Анда жалпысынан 12 миң адам иштейт. Күзөт ишканалары 2 миңден ашуун объектти кайтарышат. Салыктык жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмү жылына 200 млн сомго жакын каражатты түзөт. Уюмдар ИИМдин расмий уруксаты бар 1200 даана ар кандай калибрдеги куралдарга ээ.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу