Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/04 12:01
 

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлердин ысымдары аныкталды

 Каракол, 22-апрель /Кубан Мамбетов-Кабар/. Ысык-Көл областтык архивинен алынган акыркы маалыматка караганда, Россиянын Новгород областынын Поддорский районунун Самбатово айылындагы көрүстөнгө бир топ жоокерлердин сөөктөрү коюлгандыгын Поддорский райондук музейинин директору С.М.Тихонова билдирген.

Алардын арасында Ысык-Көл областынан согушка чакырылган бир катар жоокерлери дал ушул аймакты фашисттик баскынчылардан коргоодо курман болушкан. Тилекке каршы бул жоокерлер туурасында буга чейин эч кандай маалыматтар алынбай, алар согуш талаасында дайынсыз жоголгон адамдар катары эсептелинип келген.

С.М.Тихонованын билдирүүсүнөн көрүнүп тургандай, аталган көрүстөнгө коюлган жоокерлердин арасында Ысык-Көлдүк 5 жоокер бар экендиги аныкталды.

Алар төмөнкүлөр: Жумадылов Кисан 1920-жылы туулган, катардагы жоокер, 4-март 1943-жылы курман болгон. Кутешов Асек Адырбаевич, 1923-жылы туулган, катардагы жоокер, 4-март 1943-жылы курман болгон. Мукамбаев Садыбакаш 1923-жылы туулган, катардагы жоокер, 27-февраль 1943-жылы курман болгон. Өскөмбаев Абакир 1923-жылы туулган, катардагы жоокер, 7-март 1943-жылы курман болгон. Эсенкожоев Ташмондо 1923-жылы туулган, катардагы жоокер, 27-февраль 1943-жылы курман болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу