Улуу жеңиш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/04 16:59
 

5-майда Бишкекте бардык каалоочулар “Өлбөс полк” аттуу жүрүшкө катыша алышат

 Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши биздин тынчтыкта жана бактылуу турмушта жашообуз үчүн күрөшкөн баатырларды бийик туткан бардык каалоочуларды Улуу Ата Мекендик согушка катышкан атасы, чоң атасы, кошунасы же жөн гана согуштун катышуучусунун сүрөтү менен келип, “Өлбөс полк” аттуу акцияга катышууга чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, “Өлбөс полк” акциясы 2015-жылы 5-майда ардагерлердин жана согуштун катышуучулардын урматына, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын алкагында өткөрүлөт. Марш Жантөшов көчөсүнөн (Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсү менен кесилишкен жердеги Дене тарбиячылардын гүл бакчасынан) баштап, Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин жүрөт, анда реквием-митинг жана майрамдык концерт болот.

Аталган иш-чара БШК тарабынан Бишкекте экинчи ирет өткөрүлүп жатат. 2014-жылы “Өлбөс полк” акциясына 100гө жакын киши катышкан, быйыл жүрүшкө 200 миңден ашык кишини катыштыруу пландалып жатат.
Акция максаты элди Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары тууралуу элдик эстеликти жана алардын өлбөс-өчпөс эрдигин сактоого чакыруу болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу