Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/04 16:24
 

Нарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына даярдык талкууланды

 Нарын, 21-апрель /Күмөндөр Усупов-Кабар/. 20-апрелде Нарын облустук өкүлчүлүгүндө 9-Майга даярдыктын жүрүшүн тиешелүү уюштуруу топтун мүчөлөрү талкууга алышты. Өкүлчүлүктүн башкы адиси Динара Жунусова 9-Май күнү салтанат эртең мененки 8-30да башталаарын айтты.

-Алгач борбордук сейил бактагы түбөлүк отко таазим кылынып, куран окутулуп, анан шаардагы «Улуу Жеңиш-70» деп аталган жаңы чакан сейил бактын ачылышы болот. Аскердик жана жамааттардын жүрүштөрү саат 10-00дө башталат.

Саат 11-30 болгондо облустук театрдан ардагерлерге жана коомчулукка «Жаңырык» драмасы көрсөтүлөт. Түштөн кийин Нарын районунун аймагындагы Кур-Терек ат майданында улуттук ат оюндары өткөрүлөт. Кечинде болсо борбордук Теңир Тоо аянтында Мекен ырларынын көркөм окуусу жана концерт болмокчу,-деп билдирди Д.Жунусова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу