Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/04 15:31
 

Баткен облусунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленет

 Баткен, 21-апрель /Фарида Убайдуллаева-Кабар/. “Улуу Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун атайын буйругу чыккан.

Ага ылайык Баткен шаарында 9-май Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамын уюшкандыкта өткөрүү каралган. Аны менен катар райондун, шаардын борборлорунда жана айыл өкмөттрдө да, Жеңиштин 70 жылдык майрамын жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бекитилген.

Согуштун жана тылда иштеген ооруктун ардагерлерине, алардын жашоо шарттарын мындан ары жакшыртуу боюнча ар тараптуу даректүү колдоолорду көрсөтүүнү колго алуу каралган. Ошондой эле, буйрукта Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы, облустук “Баткен-Таңы” гезити жана менчигинин түрүнө карабастан жалпыга маалымдоо каражаттары 1941-1945-жылдардагы Улуу Жеңишинин 70 жылдыгын майрамдоого даярдыкты кеңири чагылдыруу жагы уюштурулуусу айтылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу