Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/04 11:51
 

Жети-Өгүз районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 70 иш чара өткөрүлүүдө

 Каракол, 21-апрель /Кубан Мамбетов-Кабар/. Улуу Жеңишке карата Жети-Өгүз районунда 70 иш чара белгиленип, алардын алды өткөрүлүп жаткандыгын Жети-Өгүз райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишебаев билдирди.

Анын айтымында учурда райондун аймагындагы 13 айыл аймагынын ар биринде пландуу иштер жүргүзүлүп жатат. Биринде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстеликтер ачылса, экинчисинде согуштан кайтпай калгандарга жана согуш алааматы аяктагандан кийинки кайтыш болгон согуш ардагерлеринин тизмелери жазылган такталар ачылып, ал эми бул күнү болсо ушул эле райондогу Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, согуш ардагери Шайнур Жангазиевдин урматына арналып ордо оюну өткөрүлдү.

Ордо оюнун өткөрүп жаткан райондун, айыл аймагынын жетекчилерине жана өзүнүн бала-бакыраларына 95 жаштагы карыя, Шайнур Жангазиев өз ыраазычылыгын билдирип, Венгрия жана Германия өлкөлөрүндөгү кан күйгөн согуш өртүн кечкендеги окуяларынан учкай эскерип өттү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу