Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/04 18:17
 

Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата чыккан китептин бет ачаары өттү

 Жалал-Абад, 20-апрель /Кабар/. “Жеңиштин даамын билген адам” аттуу китебинин автору белгилүү акын, журналист, коомдук ишмер Тазагүл Закирова Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аталган китептин бет ачаар аземин өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Азем шаардагы №10 мектепте болуп өттү. Ага атайын чакырылган коноктор, мектеп жамааты, ошондой эле китеп сүйүүчүлөр катышты. Китеп 500 нуска менен үстүбүздөгү жылы жарык көрдү .
Аземдин катышуучуларына Т. Закирова өз кол жазмасы менен аталган китепти белекке берди. Ошондой эле мектептин
китепканасына дагы 10 китеп тапшырды.

“Анын жазган чыгармалары башка акын жазуучулардан ар тармактуулугу менен айырмаланып турат жана жашоодогу бардык темалар камтылып окурмандарды да азыктандыра алат.
Салтанатта Т. Закированын сөзүнө жазылган обондуу ырларын аткаруучулар ырдап беришти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу