Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
20/04 12:47
 

Кадамжай районунда волейбол боюнча эл аралык мелдештин баш байгесине автоунаа коюлду

 Баткен, 20-апрель /Кабар/. Баткен областынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кадамжай районундагы Токой айылында спорттун волейбол түрү боюнча эл аралык деңгээлде мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин баш байгеси жеңил автоунаа болду. Бул тууралуу Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчыбай Төралиев билдирди.

Спорттун волейбол түрү боюнча өткөрүлүп жаткан мелдештин уюштуруучусу жана демөөрчүсү Үсөн Жумабаевдин айтымында, алыскы Бишкек шаарынан ,Ош, Жалал-Абад областынын аймагынан жана кошуна Тажик жана Өзбек Республикасынан келген курама командалар катышты. Мелдештин жүрүшүндө 10 дон ашык атайын даярдыкта келген волейбол боюнча курама командалар оюн талаасында ат салышты.
Мелдештин жыйынтыгында Бишкек шаарынан келген Улуттук гвардиянын командасы жеңип, баш байгеге коюлган автоунаанын ээси болду. Ош бажы кызматынын командасы экинчи орунду жеңип, 25 миң акчалай сыйлык алды. Ал эми үчүнчү орунду Ноокат районунан келген команда ээледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу