Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/04 15:19
 

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү согуш ардагерлерине 159 миң сом бөлүп берди

 Жалал-Абад, 17-апрель /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата согуш ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында өзүнүн фондунан 159 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Мындан сырткары, облус аймагындагы согуш ардагерлери Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата бир жолку 25 миң сомдон, 168 согуш ардагерлеринин жесирлери менен ооруктун ардагерлери бир жолку 10 миң сомдон атайын стипендия алышат.

“9-майда Жалал-Абад шаарында аскердик парад уюштурулуп, согуштун жана ооруктун кадырман ардагерлерине театралдаштырылган оюн-зооктор менен концерттик программа тартууланып, майрамдык сый тамак уюштурулат. Ушундай эле майрамдык иш чаралар облустун бардык район-шаарларынын борборлорунда дагы өткөрүлөт”-дейт өкүлдүн басма сөз катчысы Ж.Осмонов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу