Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
15/04 16:24
 

Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата марафон өткөрүлүп жатат

 Жалал-Абад, 15-апрель /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата «1941-1945-жылдарда Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте калсын!» аттуу марафон болуп, ага шаарда жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалар катышты.

Аталган марафонду шаар мэри Салайдин Авазов ачып, Ата мекени, жери үчүн кашык канын аябай салгылашып, Ата Мекенди коргогон кымбат жана ардактуу ардагерлерибизди материалдык жактан колдоо үчүн өткөрүлүп жаткандыгын билдирди. Шаардагы 463 ар кандай деңгээлдеги чоң жана кичи мекеме-ишканаларга марафонго катышуу үчүн мэрия тарабынан чакыруу жиберилген. Жогоруда белгиленген марафон саат 10:00дө башталып, 17:00гө чейин улантылат.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миң жоокер кеткен болсо, анын 5124ү кайтып келип, 4 миң 976 жоокер согуштан кайтпай калган. Учурда шаарда 33 согуштун ардагери бар. Алардын 15и согушка катышкан, экөө майып, 2 концлагердин туткуну, 16сы оорукта эмгектенген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу