Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/04 16:07
 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына ар жыл сайын кошумча бир ирет берилүүчү акчалай жөлөкпулдун көлөмү жогорулатылды

 Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн токтому Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине кошумча социалдык көмөк көрсөтүү, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин юбилейлик датасына байланыштуу иштелип чыккан.

2015-жылдан тарта ар жыл сайын кошумча бир ирет берилүүчү акчалай жөлөкпулду төлөп берүү төмөнкү көлөмдө ишке ашырылат:
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө;
- Ленинград шаарында 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда шаардык ишкана, мекеме жана уюмдарда иштеген жана “Ленинградды коргоо үчүн” медалы менен сыйланган жактарга жана “Блокадалык Ленинград жашоочусуна” белгиси менен сыйланган жактарга — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө;
- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, гетто жана башка күчтөп кармалган жайлардын жашы жете элек туткундары үчүн — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуш учурунда каза болгон аскерлердин жесирлерине — 10000 (он миң) сом көлөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жан үрөгөн эмгеги жана кынтыксыз аскер кызматы үчүн СССР орден жана медалдары менен сыйланган жактарга — 10000 (он миң) сом көлөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мыйзамсыз түрдө эмгек колонналарына жөнөтүлгөн жана кийинчирээк реабилитацияланган жактарга — 10000 (он миң) сом көлөмүндө;
Аталган токтомду ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 26049,3 миң сом көлөмүндөгү кошумча акча каражаттарын табуу тапшырылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу