Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/04 10:43
 

Нарындык ардагерлерге «Жеңиш» китеби таркатылат

 Нарын, 8-апрель /Күмөдөр Усуптегин-Кабар/. Учурда «1941-1945-жж. Жеңиш» деп аталган көлөмү 17 басма табак өлчөмүндөгү атайын китеп жарыкка чыгуу алдында тургандыгын ушул китепти түзүүчү, облустук өкүлчүлүктүн башкы адиси Каныбек Бокоев билдирүүдө.

«Бул китеп эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө улуу Жеңиштен аман-эсен кайтып келген жоокер аталар тууралуу кыскача маалыматтар келтирилет. Экинчи бөлүм болсо, облустан Советтер Союзунун баатырлары болушкан Дайыр Асанов менен Анварбек Чортековго арналат. Мен материалдарды 2005-жылдан тарта чогултуп, Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына китепти чыгарууга аракеттер башталган. Бирок, ал жылы ыңкылап болуп, жыйынтыгында китеп чыкпай калган. Эми алдыдагы 9-майга чейин китепти чыгарып берүүгө облустун жетекчиси Аманбай Кайыпов мырза макулдугун берип, демөөрчү болууда. Буюрса Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына бул китеп аталарга арналган баалуу белек болмокчу»,-дейт К.Бокоев.

Каныбек мырза ошону менен катар китептин эң алгачкы сигналдык үлгүсү чыккандыгын да бизге көрсөттү. Анда аман-эсен келген жоокерлердин ысымдары облустагы ар бир район жана Нарын шаары боюнча өз-өзүнчө тизмеленген экен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу