Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/04 19:49
 

Белорусия аймагында Улуу Ата Мекендик согушта кызмат өтөгөн ардагерлерге президент А. Лукашенко юбилейлик медалдарын жөнөткөн

 Баткен, 6-апрель /Фарида Убайдуллаева-Кабар/. Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы белгиленет. Бул улуу датага карата Беларусия республикасынын президенти Белорусия аймагында Улуу Ата Мекендик согушта кызмат өтөгөн биздин ардагерлерге да өзүнүн юбилейлик медалдарын жөнөткөн. Област аймагынан мындай медалга 9 ардагер көрсөтүлгөн болсо, алардын 7си Кадамжай районунан.

Кызыл –Кыя шаарынын тургуну Жаныбек Абдырахманов ата 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан согуш каармандарынын бири. Беларусия республикасынын президенти А. Лукашенконун юбилейлик төш белгисине ээ болуу, ардагер ата үчүн Улуу Жеңиштин алдындагы сыймык болуп калгандыгын ардагер ата айтат.


Кан күйгөн согуш жылдарында мекен тынчтыгы үчүн күрөшкө катышкан ардагер аталардын арабызда жүргөндүгү -биздин улуу сыймыгыбыз. Улуу Жещишти утурлай Кадамжай районундагы ардагерлерди сыйлоо аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, куттуктоолорун айтышты.

7ардагердин 3сү бүгүн арабызда. Калган төртөөсүнүн көзү өтүп кеткендигине байланыштуу, юбилейлик төш белгилер согушка катышкан ардагерлердин жакындарына тапшырылды.

Улуу Ата Мекендик согушка Кадамжай районунан 10 миңге жакын жоокер аттанган. Алардын ичинен 3 миңден ашыгы мекенине аман-эсен кайтып келген. Ал эми арабызда жүргөн 16 согуштун катышуучусуна жергиликтүү бийлик ар тараптуу колдоолорун көрсөтүүнү унутта калтырбай келет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу