Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/04 15:02
 

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, 94 жаштагы Иманбек Жанкорозов Москвадагы Жеңиш парадына катышат

 Талас, 4-апрель /Мухамеджан Суранчиев-Кабар/. Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында жашаган Улуу-Ата мекендик согуштун катышуучусу, 94 жаштагы Иманбек Жанкорозов аксакал жакында Москвада өтүүчү Жеңиш парадына катыша турган болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Иманбек аксакал менен үйүндө жолукканда убадасын берди. Т.Сарпашев согуштун ардагеринин үйүнүн чарбагына Улуу Жеңиштин урматына деп 7 түп алманын көчөтүн олтургузду.

Белгилей кетсек, согуштун ардагеринин ден-соолугу азыр жакшы, күүлүү-күчтүү турат. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иманбек Жанкорозов аксакал биринчи вице-премьер-министрге атайын ат арытып келип, абалын сурагандыгына жана Москвадагы Жеңиш парадына жөнөтүүгө жардам бере тургандыгына ыраазы болуп, ишине ийгилик каалап, ак батасын берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу