Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
03/04 15:15
 

Республикада “Улуу Жеңиш – тарых жашап жатат” акциясы уланууда

 Бишкек, 3-апрель /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Республикада Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Улуу Жеңиш - тарых жашап жатат” деп аталган акция уланууда.

Акциянын максаты-согуштун баатырларын жана тылдын күжүрмөндөрү жөнүндө эскерүү жана кийинки муунга жер жүзүндөгү тынчтыктын барк-баасын түшүндүрүп, Мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу-болуп эсептелет. Ошондой эле 9-майга жакын Бишкекте “Тарых жашап жатат” аттуу фотокөргөзмө өтмөкчү.

Ошол көргөзмөнүн каармандары-Жалал-Абад шаарында жашаган согуш ардагерлер Фарит Муськин жана Гаффан Сафин.
Фарит Муськин – 1926-жылдын 15-мартында Ульянов облусунун Самара шаарында жарык дүйнөгө келген. Бир кызды тарбиялаган. 1944-жылы Советтик Армияга чакырылып, Ыраакы Чыгыштагы аткычтар полкунун катарын толуктаган. Япон оккупанттарына каршы бир канча салгылаштарга катышкандан кийин жетекчилик аны авиация жагына окууга жөнөтөт. Окууну ийгиликтүү аяктаган соң Ыраакы Чыгыштагы 3-эскадрилинде авиамоторист болуп кызмат өтөй баштайт. Кореяны бошотуу салгылаштарына да катышкан.

Гаффан Сафин -1925-жылдын 10-сентябрында Башкортостандын Мендяново айылында туулган. Бир уул, эки кызды тарбиялаган. 1942-жылы өз ыктыяры менен согушка аттанган. Түркмөн ССРиндеги окуу жайдын тездетилген курсун аяктап, ал жерден пулеметчик болуп чыгат. Андан кийин кайрадан согуш талаасына жөнөтүлгөн. Батыш Украинадагы кармашта оор жарадар болот. Бирок көп өтпөй дарыланып,авиациялык аскер бөлүктүн курамында согушту улантат. Бул жерде жүргөндө учкучтун окуусун аяктайт. Чехия жана Польшадагы аба салгылаштарына катышкан. Ата мекен алдындагы ыйык милдетин татыктуу аткаргандан кийин 1949-жылы аскердик бөлүктөн бошотулат.

Фарит Муськин

Гаффан Сафин

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу