Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/04 12:00
 

Караколдогу Жеңиш паркы оңдолууда

 Каракол, 3-апрель /Кубан Мамбетов-Кабар/. Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондунун жетекчиси Руслан Элебесовдун маалыматына караганда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Караколдогу Жеңиш паркы ремонттолууда. Күз айларынан тартып эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болушкан Караколдук 5105 адамдын аттары жазылган тактаны кайрадан ташка чегип жазышып, аны стеллага чаптоого даярдап коюшкан.

Ал эми куруучулар паркты курчаган дубалдардын эски шыптарын сыйрып шыбап, жыгылган дубалдарын жаңыртып, электр жарыгын кийирип, парктын кире беришин жасалгалап, баатырларга коюлган эстеликтерди оңдоп, парктын таманына төшөлгөн эски плиткаларды брусчаткалар менен алмаштырышууда.

Быйылкы жылга болсо Жеңиш паркынын ремонттук жумуштарына дагы 8299700 сом акча каражаты бөлүнүүдө. Анын 5 миллион сому Каракол шаардык мэриясы тарабынан бөлүнсө, 3 миллион сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланат.
Шаар тургундары, уюм-мекемелери, коомчулугу ишембиликтерди өткөрүшүп, парктын эскирген бактарынын ордуна жаңы көчөттөрдү тигишип, сугат суусун салуучу арыктарын жүгүртүп, ага суу чыгаруу менен алек болушууда. Эми паркта туруктуу кайтаруу коюлуп, бактарды сугарып, жашылдандырып турууга такай маани берилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу