Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/04 14:56
 

Бүгүн Таласта Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып ак кайың көчөттөрү отургузулду

 Талас, 2-апрель /Кабар/. Бүгүн Талас шаарынын борбордук паркындагы Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондордун мемориалдык эстелигинин жанына Талас шаарынан жана облустун райондорунан келген согуштун жана эмгектин ардагерлери ак кайың көчөттөрүн отургузушту. Бул тууралуу Талас облустук согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев маалымдады.

Анын айтымында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Таластан 14 миңден ашык жоокерлер согушка аттанышып, согуш майданында 6,7 миң жоокер баатырларча курман болушкан жана дайынсыз жоголушкан. Анын ичинде 5 жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиев, Асанбек Оторбаев, Василий Петрищев, Семен Сухин жана Константин Роденколор “Советтер Союзунун Баатыры” деген ардактуу наамдарга татыктуу болушуп, 31 жоокер 1-2-3- даражадагы “Даңк” орденинин кавалери болушкан.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып ак кайың көчөтүн отургузууга катышкан Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева Таластан чыккан 5 баатырдын жаркын элестерине арнап, ар бир райондо, шаарда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө чейин “Баатырлар паркын” түптөп, ар бир үйдүн жанына 7 ден көчөттөрдү отургузууну сунуш кылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу