Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/03 18:56
 

“Жеңиш ысымдары” акциясы. Бир жоокердин тарыхы: Үсөн Карамолдоев

 Бишкек, 30-март /Кабар/. “Замандаш” ассоциациясы уюштурган “Жеңиш ысымдары” акциясы башталгандан бери дайынсыз деп эсептелген Улуу Ата Мекендик согуштун кыргызстандык 33 катышуучусунун көмүлгөн жери табылды.

Ассоциациянын басма сөз кызматы билдиргендей, алар азыркы күнгө чейин дайынсыз деп эсептелген Үсөн Карамолдоев аттуу солдаттын жакындары менен байланыша алышкан.

У.Карамолдоев 1923-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Желе-Дөбө айылында туулган. Атасы – Карамолдо Шорукбаев, апасы – Батый Шорукбаева.

Согушка чейин Ү.Карамолдоев Ысык-Көл облусундагы Пржевальск (Каракол) шаарындагы педагогикалык техникумда окуган.
Ал армияга Кыргыз ССРинин Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы 18-декабрда чакырылган.

Анын кичүү карындашынын айтымында, Россиядан кат келген, шаардын атын ал так эстей албайт, Курск же Ржевск болушу мүмкүн. Ата-энеси үй-бүлөсүнүн ичинде анын катын бир нече жолу окушкан. Акесинен акыркы кат 1943-жылы Смоленск шаарынан келген. “Тилекке каршы каттары жана аскерден түшкөн сүрөттөрү жоголуп кеткен, аскерге чейинки эле сүрөттөрү калган”,-дейт ал.
1943-жылы 16-ноябрда №564 аскерий ооруканадан Ү.Карамолдоев жаракат алгандыгы жана бейтапканада жаткандыгы тууралуу маалымат келген. Аны менен бирге ооруканада жаткан жолдошунун айтымында Үсөн катуу жаракат алып, оор абалда жаткан.
“Бул У.Карамолдоев тууралуу акыркы маалымат, ал дайынсыз жоголгондордун катарына кирет, көмүлгөн жери азырынча аныктала элек. Бирок, издөө иштери жүрүп жатат”,-деп билдирди ассоциация.

Карындашы акесинин көмүлгөн жерин таап, гүлчамбар койсом деген үмүтү бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу