Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/03 14:50
 

“Улуу Жеңиш–тарых жашап жатат” аттуу акция башталды

 “Улуу Жеңиш–тарых  жашап  жатат” аттуу акция башталды

 Бишкек, 27-март /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Кыргызстандын ар бир жараны билүүгө тийиш болгон улуу маараке жакындап келе жатат. Ушундан улам  Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Улуу Жеңиш-тарых жашап жатат” аттуу акция башталды. “Кыйраган шаарларды жана бүлүнгөн жашоо-турмушту алып келген согуш жылдары эбак артта калды. Биздин бабаларыбыз үчүн Жеңиш оңойго турган жок, оор жоготууларга карабастан, алар эркиндикти орнотуп, келечекке болгон ишенимди жаратышты. Жер жүзүн фашисттик баскынчылардан сактап калган улуу эрдик тууралуу эч качан унутпаңыздар деген негизги ойду ушул долбоор аркылуу жаш муунга жеткиргибиз келди”-деди акцияны уюштуруучулардын бири  Нурбек Жолборсов. Анын айтымында Кыргызстандын бардык аймактарындагы согуштун ардагерлерин жана Улуу Жеңишти камсыз кылууда тылда эмгектенгендерден видеомаектерди алышат.

Видеоинтервьюлардын циклин даярдап, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында көрсөтүп, социалдык тармактарга жайгаштыруу пландалып жатат. Ал Жалал-Абад шаарында жашаган согуш ардагерлери Александр Григорьев менен Ахмаджан Киргизов жаш активисттер менен эскерүүлөрүн бөлүшкөндүгүн кошумчалады.

Александр Григорьев 1924-жылы 1-ноябрда Челябинск областынын Молково кыштагында туулган. Жалал-Абад шаарынын тургуну. Бир кыздын атасы. 1943-жылы өз ыктыяры менен мекенди коргоого аттанган. Биринчи Беларусь фронтунун 188-аткычтар полкунда жоокерлердин катарын толуктаган. Беларусь, Польша жана Чехословакияны душмандардан бошотуу үчүн салгылашка катышкан. Жеңиш орногондугу тууралуу сүйүнүч кабарды Германиянын Дрезден шаарында уккан. Согуш аяктаган соң Будапешт шаарынын комендатурасында кызмат өтөгөн. 1947-жылы мекенин коргоо ыйык парзын жоопкерчиликтүү аяктаган.

Ахмаджан Киргизов 1924-жылдын 10-майында Ноокен районунун Бүргөндү айылында төрөлгөн.Үч уул, тогуз кыздын атасы. 1942-жылы Совет армиясында аскердик милдетин аткаруу үчүн чакырылып, ички иштер элдик комиссариатында аскер кызматын өтөгөн жоокерлердин катарын толуктаган. Атайын аскердик бөлүктө снайпердик окуудан өткөн.1943-жылы Молдавияга фронтко жөнөтүлөт. Душмандар менен бир канча салгылашуудан кийин, отряддагы эң мыкты снайпер аталган. Эң мыкты снайпер наамын алган соң ички иштер элдик комиссариатынын аскер башчылыгы тарабынан Хабаровск шаарына снайпер өнөрүн мындан да өркүндөтүү максатында атайын окууга жөнөтүлөт. Кытайдын Маньчжурия аймагын япон оккупанттарынан бошотуудагы салгылашка катышкан. Аскер кызматын каармандык менен өтөгөн соң, 1949-жылы Жалал-Абад шаарына кайтып келген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу