Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/03 11:21
 

Согуш ардагерлери Санкт-Петербургдан эл аралык «Эскерүү эстафетасына» катышуу үчүн Кыргызстанга келишти

 Бишкек, 27-март /Кабар/. Согуштун ардагерлери Петр Александров, аскер кызматынын ардагери, Санкт-Петербургдун Жаштар менен иштөө боюнча ардагерлер кеӊешинин комитетинин төрагасы, Вячеслав Лялин, Ленинград блокадасынын катышуучусу, Григорий Куприященко Санкт-Петербург жана Ленинград облусунда жашаган беларусь партизандарынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы, Биринчи Беларусь фронтунун жоокери Санкт-Петербург шаарынан «Эскерүү эстафетасына» катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарында өтүп жаткан бул иш-чара Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналууда.
Иш-чара алкагында Бишкек шаарынын Жеӊиш аянтындагы Түбөлүк оттун тамызгысын берүү аземи жана «Жашыл толкун» – Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата көчөт отургузуу болот.

Ардагерлер П.Александров, В.Лялин, Г.Куприященко Кыргызстандан Санкт-Петербургга Түбөлүк оттун тамызгысы салынып бериле турган кутучаны жеткирүү милдетин өтөштү.

Эске салсак, «Жашыл толкун» ушул жылдын 11-мартында Минскде башталып, андан ары Баку, Кишиневда улантылган.
Бардык КМШ өлкөлөрүнөн алынган Түбөлүк от тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилет. 16-апрелде КМШ ПААнын штаб-квартирасы жайгашкан Таврия сарайынын алдында өтүүчү салтанаттуу иш-чара алкагында КМШ ПААнын катышуучу-мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан Шериктештиктин символу катары от тамызгылары бир бүтүнгө бириктирилет.

КМШ ПАА факели андан ары «Ленинграддын каарман коргоочулары монументине берилмекчи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу