Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/03 18:14
 

27-мартта Кыргызстанда Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык «Эскерүү эстафетасы» өтөт

Бишкек, 25-март /Кабар/. 2015-жылдын 27-мартында Кыргызстандын борборунда Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык «Эскерүү эстафетасы» өтөт. Бул иш-чара Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган.
Бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын «Жеӊиш» аянтындагы Түбөлүк оттун тамызгысын алуу аземи жана «Жашыл толкун» жараяны – Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган көчөт отургузуу иш-чарасы болот.
Эске салсак, «Жашыл толкун» жараяны ушул жылдын 11-мартында Беларустун Минск шаарында башталып, андан ары Баку (Азербайжан), Кишинев (Молдова) шаарларында улантылган.
Баардык КМШ өлкөлөрүнөн алынган Түбөлүк от тамызгылары Санкт-Петербургга жеткирилип, 16-апрель күнү КМШ ПААнын штаб-квартирасы жайгашкан Таврия сарайынын алдында өтүүчү салтанаттуу иш-чара алкагында КМШ ПААнын катышуучу-мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан Шериктештиктин символу катары от тамызгылары бир бүтүнгө бириктирилмекчи.


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу