Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/03 16:21
 

Аскер лицейинде А.Кудайбердиевдин катышуусу менен Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына көчөт отургузулду

 Бишкек, 24-март /Кабар/. Бүгүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейинде Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин катышуусунда көчөт отургузулду.

Куралдуу күчтөр башкы штабынан билдиргендей, аталган акция Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды жана согуш ардагерлерине ыраазычылыктын, ошондой эле майдандан кайтпай калгандар тууралуу эскерменин белгиси катары өткөрүлдү.
Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы, укук коргоо органдары жана тылдын эмгекчиси Тарас Токомбаев, согуштун ардагери Асек Урманбетов, Дайыр Асановдун балдары, Коргоо министрлигинин офицерлери, лицейдин окутуучулары жана тарбиялануучулары катышты.

Мындан тышкары, ушундай эле иш-чара КРнын Куралдуу күчтөр аскер институтунда болуп өттү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу