Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/03 14:35
 

Бир жоокердин тарыхы: Мамадали Аматкулов

 Бишкек, 24-март /Кабар/. “Замандаш” ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Жеңиш ысымдары” акциясы башталгандан бери дайынсыз жоголгон деп эсептелген Улуу Ата Мекендик согуштун кыргызстандык 33 катышуучусунун көмүлгөн жери табылды.
Ассоциациянын басма сөз кызматы билдиргендей, алар азыркы күнгө чейин дайынсыз деп эсептелген Мамадали Аматкуловдун жакындары менен кабарлаша алышкан.

М.Аматкулов 1914-жылы Ош облусунун Гүлчө районуна караштуу Каблан-Көл айылында туулган. Колхоздо иштеген. 1934-жылы үйлөнгөн. Жубайы Улка Аматкулова дагы колхоздо иштеген.

1942-жылы июлда Гүлчө райондук аскер комиссариаты тарабынан армияга чакырылган. Бул учурда анын 3 кызы жана 1 баласы болгон. М.Аматкулов аткыч болгон, аткычтар бригадасынын 26-курсанттар бөлүмүндө кызмат кылган. 1942-жылы 4-декабрда согушта курман болгон. Көмүлгөн жери: Россия Федерациясынын Калинин облусуна караштуу Великолук району Криплянка кыштагы. Аматкуловдун жубайы Улка 1996-жылы көз жумган.
Учурда М.Аматкуловдун кызы тирүү. Ал 80 жашта. Анын 15 небереси, 40 чөбөрөсү бар.
Эскерте кетүүчү жагдай, “Замандаш” ассоциациясынан билдиргендей, Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондорду издөө дайынсыз жоголгон акыркы кыргызстандык аскер табылмайынча улана берет.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу