Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/03 18:05
 

Бир жоокердин тарыхы: Асыркан Шаменов

 Бишкек, 23-март /кабар/. “Замандаш” ассоциациясы тарабынан уюшулган, “Жеңиш ысымдары” акциясы башталгандан бери дайынсыз деп эсептелген Улуу Ата Мекендик согуштун кыргызстандык 33 катышуучусунун көмүлгөн жери табылды.

Ассоциациянын басма сөз кызматы билдиргендей, алар азыркыга чейин дайынсыз деп эсептелген жоокер Асыркан Шаменовдун туугандары менен байланыша алышкан. “Анын тагдыры жакындарына жана туугандарына белгисиз болгон. Ал дайынсыз жоголгон жоокерлердин гана катарын толуктап келген. Бүгүн биз “Жеңиш ысымдары” акциясынын алкагында бул дайынсыз жоголгон жоокердин тагдырын аныктай алдык”,-деп белгиледи “Замандаш” ассоциациясы.

Асыркан Шаменов 1904-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Тракторист болуп иштеген. Ал 1930-жылы үйлөнүп, 2 кыз, 2 уулдуу болгон. 1941-жылы А.Шаменов Ат-Башы райондук аскер комиссариаты тарабынан Советтик армиянын катарына чакырылган. Бул жылы анын кичүү баласы Курманбек төрөлгөн. Ал 145-зенит-аткычтар дивизиясында кызмат кылган. 1944-жылы күзүндө Мемель (Клайпеда) шаарын бошотуу боюнча Рижа операциясына катышуу учурунда башынан жарат алып, 1944-жылы октябрдын башында алган жаратынан каза болгон. Ал Литва ССРинде көмүлгөн.

Учурда А.Шаменовдун 75 жаштагы Мусамамбет аттуу бир баласы, 75 небереси, 27 чөбөрөсү жана 12 кыбырасы бар.
А.Шаменов эмгектенген Ат-Башы районунун Талды-Булак айылындагы колхозго ушул колхоздо эмгектенген Улуу Ата Мекендик согушта каза болуп жана кайтпай калгандарга мемориалдык эстелик тургузулган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу